Адыгей: тумандан улам 20 автоунаа кагышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары айдоочулар ошондой шартта бара жатканда коопсуздук эрежелерин сактаган эмес

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жума күнү кечинде Майкоптун жанындагы трассада коюу тумандан улам 20 автоунаа кагышты. Бул туурасында РИА Новости Адыгейдин Ички иштер башкы башкармалыгына таянып кабарларды.

Ведомстводон кырсык Майкоп-Белореченск жолунда кечки саат бештерге чукул болгондугун жана андан эч ким жабыр тартпагандыгын кабарлашкан.

"Кырсыктын себеби албетте, коюу туман болду. Андан сырткары айдоочулар ошондой шартта бара жатканда коопсуздук эрежелерин сактаган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ал жеринде жол кайгуул кызматынын бригадалары иштеп жаткандыгын, окуя болгон жерден айланып өтүүнү жөндөп жатышканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0