БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 35 жаштагы мотивациялык оратор жана жазуучу Ник Вуйчич эгиз кыздуу болду. Бул тууралуу анын Facebook баракчасында
"Биз үчүн санаа тартып бата бергендерге рахмат. Чүрпөлөрүбүз Оливия жана Элли апасынын туулган күнүндө жарыкка келишти",— деди оратор.
Оливия — 2 килограмм 320 грамм, Элли — 2 килограмм 660 грамм салмакта төрөлгөн. Вуйчичтин айтымында, жубайы Канаенин жана кыздарынын абалы жакшы.
2012-жылы белгилүү оратор Канае Минахара аттуу кызга баш кошкон. Жубайлардын дагы эки уулу бар. Улуусу Киеси үч, кичүүсү Дежан эки жашта.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.
Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.
"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.
The six years since 2015 have been the hottest on record.
— António Guterres (@antonioguterres) April 19, 2021
Last year, carbon dioxide concentrations rose to a new high.
Climate disruption is here.
This is truly a pivotal year for humanity’s future. We have no time to waste. https://t.co/xCjg65uyWX pic.twitter.com/5DEYmBXtxB
"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.
Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.
Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алар бүгүн, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө жаткырылган.
"Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.
Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.