БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Мексикада наркобаронго катуу сүйлөп койгон 17 жашар блогерди атып салышканын социалдык тармактарга шилетеме берип РИА Новости жазды.
Эки жылдан бери социалдык тармактарда "Кулиакандык каракчы" деген каймана ат менен аты чыккан блогердин өз аты Хуане Луисе Лагунас болуп чыкты. Анын баракчаларынан көбүнесе кымбат унаа, сулуу аял, курал, полиция жана ичимдиктердин сүрөтүн көрүүгө болот.Ал өзүнүн аккаунттарынын бирине жергиликтүү накобарон Немесио Осегера Сервантестин дарегине сексуалдык маанайдагы курч сын жазган.
"Көп өтпөй эле блогерди Халиско штатындагы барлардын биринен атып кетишти. Кийин адистер анын денесинен 15 ок алып чыгышты", — деп жазылат макалада.
Маалыматка караганда, ага кол салгандар табыла элек. Бирок полиция муну Немесио Осегера Сервантест тарабынан өч алуу деп баалоодо.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.
Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.
"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.
The six years since 2015 have been the hottest on record.
— António Guterres (@antonioguterres) April 19, 2021
Last year, carbon dioxide concentrations rose to a new high.
Climate disruption is here.
This is truly a pivotal year for humanity’s future. We have no time to waste. https://t.co/xCjg65uyWX pic.twitter.com/5DEYmBXtxB
"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.
Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.
Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.
Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.
"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.
Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.