Түркия өкмөтү төңкөрүшкө тиешеси бар деп дагы 2,7 миң кишини жумуштан алды

© flickr.com / KLMirceaФлаг Турции на берегу Мраморного моря
Флаг Турции на берегу Мраморного моря - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр жай айында болгон көтөрүлүштөн 240 жаран каза тапкан

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Түркия өкмөтү дин аалымы Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмуна тиешеси бар деп мамлекеттик кызматта иштеген 2756 кишини жумуштан алган токтом кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Жекшемби күнү Resmi Gazete басылмасына чыккан маалыматка ылайык, Түркиянын Куралдуу күчтөрүнөн 637 адам иштен куулган. Андан сырткары, токтомдун негизинде жандармерия, полиция, жээк күзөтү, Юстиция, Билим берүү министрликтери, дин иштери боюнча башкармалык, мамлекеттик университеттердин кызматкерлери да жумушсуз калган. Аны менен бирге 17 коомдук уюм, жети фонд ишин токтотууга аргасыз болгон.

Анкара шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия: 20дан ашуун офицер өмүр бою түрмөдө отурмай болду
2016-жылдын 16-июлдун түнүндө көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган. Бул аракеттер катуу күч менен басылган. Түркияда аталган окуядан кийин 50 миң киши камакка алынып, мамлекеттик 140 кызматкер ишинен бошотулган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине диний аалым Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0