Эрдоганды кучактап жиберген кишини күзөтчүлөр араң ажыратып калышты. Видео

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТүркияда президент Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркияда президент Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал киши сүйүнгөнүнөн өлкө башчыны кучактоого аракет кылганын айткан

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Түркияда президент Режеп Тайип Эрдоган трибунада сүйлөп жатканда белгисиз киши чуркап барып аны кучактоого аракет кылды. Бул туурасында Sputnik Түркия агенттиги 

​Эрдоган Түркиянын Ширнак шаарында Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын тарапташтары менен саламдашып жаткан. Ошол убакта ары жактан бир киши чуркап келип аны кучактоого аракет кылып жабышканда күзөтчүлөр ажыратып калышкан.

Андан соң ал Коопсуздук башкармалыгында сурак берүүгө алып келинген. Кишинин Хусейн Демиржан экени аныкталып, ал сүйүнгөнүнөн Эрдоганды кучактагысы келгенин билдирген.

"Мен аны жөн эле кучактайын дегем. Эч кандай жаман оюм болгон эмес. Сиздер мени туура эмес түшүнүп алдыңыздар", — деп айткан ал.

Демиржан согуштук аракеттеги ардагерлердин фондусун түзгөнүн билдирген. Күрдстандын жумушчулар партиясы тарабынан жасалган терактыдан анын 13 тууганы курман болгон.

Сурактан кийин ал киши коё берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0