WhatsApp тиркемеси. Архив

1-январдан тарта WhatsApp айрым смартфондордо иштебей калат. Тизме

6893
(жаңыланган 11:35 01.01.2018)
Былтыр дагы мессенджер жыл бою ушундай билдирүү тараткан

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринин өкүлдөрү 2018-жылдан тарта айрым операциялык системалар менен иштешпей турган болду. Бул тууралуу International Business Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, WhatsApp 1-январдан баштап Windows 8.0 менен иштеген смартфондордо, Nokia S40, BlackBerry OS жана BlackBerry 10 аппараттарында ишин токтото баштайт. Бирок бардыгы бир учурда эмес, акырындык менен ишке ашары айтылды.

Анткен менен былтыр дагы мессенджер жыл бою ушундай билдирүү тараткан.

6893
Белгилер:
тиркеме, смартфон, WhatsApp
Тема боюнча
Бир айдан кийин WhatsApp миллиондогон смартфондо иштебей калат
WhatsApp ыңгайлуу жаңы функцияларды тестирлөөдөн өткөрүп жатат