Анкара шаары. Түркия. Архив

Түркия: Гүлен уюмуна байланышы бар делип 27 киши соттолду

62
(жаңыланган 10:23 29.12.2017)
Абакка отургандардын ичинде юристтер да бар

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Түркиянын түштүк жана түштүк-чыгыш провинцияларындагы ар кайсы соттордо Гүлен уюмуна (FETO) байланышы бар делип 27 киши эркинен ажыратылды. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме кылып жазды.

Адыяман провинциясынын соту FETO уюмуна байланышкан деген кине менен эки юристти 9 жана 12 жылга абакка кести. Дагы бир аймак — Адана провинциясында полиция бөлүмүнүн башчысы 9 жыл, ал эми дагы жети киши үчтөн тогуз жылга чейин түрмөдө отурмай болду.

Анталья менен Кахраманмараштагы Фемида өкүлдөрү дагы 15 кишиге ушул иш боюнча өкүм чыгарган. Алар бир жылдан 9 жылга чейин эркинен ажырады. Шанлы Урфа менен Газиантеп аймагындагы эки кишиге өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө FETO уюмунун ячейкаларын түзгөн деген күнөө коюлуп, 6-9 жылга кесилди.

2016-жылдын 16-июлунда козголоңчулардын тобу аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги кагылыш Анкара менен Стамбулда болгон. Анын кесепетинен 240 түрк жараны каза таап, эки миң адам жаракат алган. Кийин төңкөрүш басылып, 50 миңден ашык адам камакка алынып, 140 миң мамлекеттик кызматкер иштен айдалган.

Түркиянын бийлиги мамлекеттик төңкөрүш жасоого Фетхуллах Гүлендин тиешеси бар деп айыптаган. Ал эми АКШда жүргөн Гүлен төңкөрүш жасоо аракетин сындап, ага анын эч кандай тиешеси жок экенин жар салган.

62
Белгилер:
сот, мамлекеттик төңкөрүш, Фетхуллах Гүлен, Түркия
Тема боюнча
ЖМК: Түркияда гүленчи делген 343 аскер кызматкери кармалды
Түркия АКШнын Иерусалим боюнча чечимин өзгөртүү үчүн БУУга кайрыларын айтты