АКШдагы жети жашар кыздар дүйнөдөгү эң сулуу эгиздер деп аталышты. Сүрөт

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүСоревнования по художественной гимнастике в Цхинвале
Соревнования по художественной гимнастике в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм кыздарга модель болууну апасы сунуштап, кыздар ага чын жүрөктөн макул болушкан.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Улуу Британиянын Daily Mail агенттиги дүйнөдөгү эң сулуу эгиздерди атап, бул наамга жети жашар Лие Роуз менен Аве Мари ээ болду.

Лос-Анжелестик кыздар балдар кийимин саткан бренддер менен дайыма келишим түзүп, эки моделдик агенттик менен иштешет.

Кыздарга атактуулукту апасы Жеки ачып берген Instagram баракчасындагы аккаунт алып келген. Азыр татынакай кыздардын баракчасына 168 миң адам жазылган.

Эгиздердин апасынын айтымында, ал кыздарын мажбурлап модель кылган эмес. Жекинин идеясын уккан кыздары так секирип сүйүнүшкөн.

Азыр өспүрүмдөр өздөрүн модель чөйрөсүндө ыңгайлуу сезип, көңүл борборунда болгонду жакшы көрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0