Окумуштуулар дене тарбия көнүгүүлөрүсүз арыктоонун жолун табышты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКупальникчен кыз, Архив
Купальникчен кыз, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыноо учурунда кандагы холестириндин деңгээли төмөндөгөн

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Сингапурдагы Наньянс технологиялык университетинин окумуштуулары 30 пайызга чейин ашыкча салмактан арылуу жолун иштеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Small Methods журналына шилтеме кылып жазып чыкты.

Лаборатория биомедицинских клеточных технологий во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Киши кайсы куракта көп нерсени үйрөнүүгө жөндөмдүү экени аныкталды
Маалыматка ылайык, адистер көп сандаган микроийнелери бар атайын пластырды иштеп чыгышкан. Ийнелер адам чачынан дагы ичке болуп, анын курамында дары бар. Мунун жардамы менен адам денесиндеги энергия сактаган ак майлар энергияны жок кыла алган күрөң майга айланат.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде бул пластырлар ашыкча салмактан арылуу үчүн колдонулуп жаткан дары-дармектердин санын азайтат.

"Биздин максат анча кымбат эмес жана оңой колдонулган пластырларды жасоо", — деп профессор Пэн Чен билдирген.

Пластыр чычкандарга сыналган. Анда жандыктардын салмагы түшүп, кандагы холестириндин деңгээли төмөндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0