ТИМ: чет өлкөдө эркинен ажыраган КР жарандарынын саны 2 миңге чукулдайт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркинен ажыратылгандардын көбү Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын абактарында отурат

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстандын 1778 жараны чет өлкөдө эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын көбү Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын абактарында отурат.

Түрмөдөгүлөрдүн басымдуу бөлүгү баңгизат, адам өмүрүнө, ден соолугуна, же жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарды жасап соттолгон.

ТИМдин расмий маалыматы боюнча бөтөн жерде эмгектенген кыргызстандыктардын саны 700 миңди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0