Рак менен ооруган америкалык кыз никеси кыйылгандан кийин көз жумду

© AFP / JEAN-PIERRE MULLERНевеста в свадебном платье
Невеста в свадебном платье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйгөнүнүн илдети тууралуу билгенден кийин жигит баш кошуу оюнан кайткан эмес

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. АКШнын Коннектикут штатында эмчек рагынан жабыркаган Хезер Линси өлөөрүнө саналуу сааттар калганда турмушка чыкканын Sun басылмасына таянып РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Девид Мошер сүйлөшкөн кызы Хезерге 2016-жылдын декабрында баш кошууну сунуштаган. Дарыгерлер кызга эмчек рагы деген диагноз койгондо да жигит айтканынан кайткан эмес.

Хезер бир жыл бою оору менен алышып, 2017-жылдын аягында турмушка чыккан. Бирок 18 сааттан кийин, 22-декабрь күнү ооруканада көз жумган.

Келиндин курбусу Хезерге сүйүү аябагандай дем бергенин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0