Крым Россияда бойдон алдырууга тыюу салууну сунуштап жатат

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация. Архив
Операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активисттер түйүлдүк адам деп таанылсын жана анын өмүрү мыйзам менен корголсун деген талапты коюшкан

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. "За жизнь" деп аталган бүткүл россиялык ыктыярдуу кыймыл Мамдумадан бойдон алдырууга тыюу салып берүүнү суранды. Бул туурасында РИА Новостиге Симферополь шаардык кеңешинин депутаты Василий Курзяба айтып берген.

Кечээ Симферополдо активисттер Мамдума депутаты Павел Шперовго жети миң кишинин колу коюлган петицияны тапшырды.

Ал эми депутат крымдыктардын демилгесин федералдык деңгээлде көтөрүүгө убада бергендигин айтышты.

"РФтин жарандары биздин өлкөдө бөбөктөрдүн жарык дүйнөгө жаралбай жатып мыйзамдуу өлтүрүү тажрыйбасын токтотууну каалайбыз. Андан сырткары, бул боюнча мыйзамдык негизде салынган тыюуну каалайбыз", — деп жазылган петицияда.

Активисттер түйүлдүк адам деп таанылсын жана анын өмүрү, ден соолугу, аман-эсенчилиги мыйзам менен корголсун деген талапты коюшкан.

Андан сырткары, "ар кыл хирургиялык жана медикаменттер менен бойдон алууну токтотууга, абортко алып келе турган бойго бүтүрбөөчү каражаттарга тыюу салууга" чакырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0