Көп отуруп иштегендер кандай дартка чалдыгат. Окумуштуулардын жообу

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүВАЛЮТНАЯ БИРЖА СОТРУДНИКИ ПЕРСОНАЛ
ВАЛЮТНАЯ БИРЖА СОТРУДНИКИ ПЕРСОНАЛ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыймылдын жоктугу, туура эмес тамактануу олуттуу ооруларды козгой турганын илим адамдары эскертет

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Көп отуруп иштегендердин бут булчуңдары кичирейип кетерин италиялык окумуштуулар аныктаганын The Journal of Physiology басылмасына чыккан макалада айтылат.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грипп аялдарга караганда эркектерди эмне үчүн дароо төшөккө жыгары айтылды
Эгер киши көп кыймылдабай койсо, кайсы жашта болбосун олуттуу дарт тооруйт.

Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, кары адамдарды 14 күн бою кыймылдатышкан эмес. Бул ыкма жыл өткөн сайын адамдын булчуңу азайып, организм аны жакшы көзөмөлдөй албай каларын аныкташкан.

Эгер адам баласы көп кыймылдабай, туура эмес тамактанса бул жүрөк менен сиңирүү системасына байланышкан бир топ дартты пайда кыларын илим адамдары белгилешет. Андан сырткары, гормондун бузулушу менен ашыкча салмак алууну шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0