Эркек киши таразада салмагын өлчөп аткан учуру. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар кишилер эмнеге кышында толуп кетээрин айтып беришти

465
(жаңыланган 09:20 12.01.2018)
Тике тийген күн терини аралап өтүп, май катмарларынын клеткаларын сыртка чыгууга мажбурлаары аныкталган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Теринин алдындагы май катмары күн көрбөгөндүктөн азайбайт. Бул тууралуу РИА Новости Scientific Reports журналына шилтеме кылып кабарлады.

Клинкалык изилдөөлөрдө окумуштуулар күндүн жарыгында май клеткаларынын кандай болорун анализге алышкан. Тажрыйба кант диабетинен жапа чеккендерди дарылоонун жолдорун издөө үчүн жүргүзүлүп, бирок, илимпоздор өздөрү күтпөгөн жыйынтыкка туш келишкен.

Тике тийген күн терини аралап өтүп, май катмарларынын клеткаларын сыртка чыгууга мажбурлаары аныкталган.

"Жөнөкөй сөз менен айтканда, организмибиз көп майды өзүнө кармап турбайт", — деп түшүндүргөн иликтөөнүн авторлорунун бири, фармакология боюнча профессор Питер Лайт.

Окумуштуулар күн аз тийген учурда адамдардын денесинде липиддер чогулуп, адамдын салмак алышын шарттайт. Мындан улам, алар жаңы ачылыш адамдын арыктоосуна жардам бергени ыкмаларды иштеп чыгууга жакшы жардамчы болот деген ниетте.

465
Белгилер:
изилдөө, семиздик, клетка, ачылыш, Окумуштуулар
Тема боюнча
Салмак кошкон кыргызстандыктар көбөйүп баратат! Себебин диетолог түшүндүрдү
Окумуштуулар аз акча тапкандардын тез салмак кошорун аныкташты
Окумуштуулар ашыкча салмактан арылуунун жолун сунушташты
Ашыкча салмак менен күрөшүүнүн оңой жолу табылды
Пикирлер