Медиктер фастфуддун иммунитетке таасири кандай болорун айтышты

Жазылуу
Майлуу азыктар Альцгеймер оорусун активдештирип жана аллергиянын түрлөрүн пайда кылары айтылган

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Фастуд жана майлуу тамакты көп жегендик иммунитетке терс таасирин тийгизип, организмди "чукул кырдаал" абалына алып келип такайт. Бул туурасында РИА Новости Cell журналындагы илимий макалага таянып жазды.

Мындай тамактануу ар кыл аллергияларга, иммунитетти төмөндөткөн илдеттерге алып келери айтылган.

Студенттик аудиториядагы уйку. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүз уктоо ден соолукка кандай таасир этерин окумуштуулар айтты
Акыркы жылдары окумуштуулар батыш диетасы деп аталган жогорудагыдай тамактануунун зыяндуу бир топ жактарын таап чыкты. Майлуу азыктар Альцгеймер оорусун активдештирип жана мээнин ишин өзгөртүп, адам тамакты жеген сайын улам жегиси келген жагдайга алып келери айтылган. Башкача айтканда, фастфуд жеген адам жаңы эле тамактанганын унутуп калган абалга кабыларын аныктап чыгышкан.

Германиянын Бонн университетинин иликтөө жүргүзгөн илимпозу Анетта Крист баштаган кесиптештери фастфудду адам жебей калгандан кийин деле анын зыяны организимде кала берерин белгилешти. Алар чычкандарга жасаган тажрыйбасынан кийин жогорудагыдай тыянакка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0