Самолет Pegasus Airlines выкатившийся за пределы посадочной полосы после аварийной посадки в аэропорту Трабзона, Турция, 14 января 2018 года

Түркияда жарга кадалып калган учак ичиндеги ызы-чуу. Видео

8473
(жаңыланган 11:24 16.01.2018)
Түркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто Pegasus Airlines аба каттамынын самолету учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, жарга барып кадалып калган. Дагы бир аз болгондо учак деңизге түшүп кетмек.

Жүрөк үшүн алган окуя 13-январь күнү кечке жуук болгон. Анда Анкара — Трабзон PC8622 каттамы менен келген Boeing 737-800 учагы аба майданга конуп жатып бурулууга аракет кылган. Бирок күтүлбөгөн жерден учак конуу тилкесинен чыгып кетип деңиз жээгиндеги жарга такалып токтогон.

Аталган окуя болгон учурда тартылып калган видео интернетке жарыяланды. Андан учак ичиндеги жүргүнчүлөрдүн ызы-чууга түшүп сыртка чыгууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Самолеттун ичинде 162 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Куткаруучулар ыкчамдык менен ичиндеги адамдарды эвакуациялаган. Жаракат алгандар болгон эмес.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

8473
Белгилер:
деңиз, кырсык, учак, Түркия
Тема боюнча
Түркиянын аэропортунда учак жарга кадалып калды. Жүрөк үшүн алган кадрлар
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

51
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

51
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео
Дүйнөдө биринчилерден болуп ВИЧ оорусунан айыккан АКШнын Тимоти Рэй Браун аттуу жараны. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты

103
(жаңыланган 23:54 30.09.2020)
Калифорниядагы хоспистердин биринде "берлиндик пациент" рак илдетинен көз жумду. Аны ак кан оорусу узаткан жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Дүйнөдө биринчилерден болуп ВИЧ оорусунан айыккан АКШнын Тимоти Рэй Браун аттуу жараны рак оорусунан каза тапты. Бул тууралуу анын Facebook аккаунтунда айтылган.

Рэй Браун шейшемби күнү саат 15:10 чамасында Калифорниядагы хоспистердин биринде аркы дүйнөгө узаган. Ал жерге онкологиялык ооруларга чалдыгып, көз жума турган кишилерди жайгаштырышат.

"Терең кайгыруу менен Тимотинин беш ай ак кан илдети менен күрөшүп жатып каза тапканын билдирем. Ал бүгүн саат 15:10до менин жана досторунун курчоосунда аркы дүйнөгө узады", — деп жазган анын түгөйү Тим Хеффген.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал Тимоти Рэй Браун 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Елена Малышева адам баласы үчүн эң кооптуу беш илдетти санады

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен.

103
Белгилер:
вич, Калифорния, АКШ
Тема боюнча
Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт
Бекболотов: эми онкологиялык бейтаптын анализдери СПИД борборунан алынат