Мектептен кожойкесин чыдамсыздык менен күткөн короздун видеосу

Жазылуу
Үй канаттуусунун кожоюндары ага бир гана Youtube-каналы эмес, Инстаграм жана Фейсбук тармактарында да өзүнчө баракча ачып коюшкан.

Петух породы Брама светлая на выставке - Sputnik Кыргызстан
Интернет колдонуучулардын оозун ачырган алп короз
Ютубда Бака (Frog) деген каймана аты бар короздун жашоосун чагылдырган канал популярдуу болууда. Аталган канаттуунун Саванна деген кожойкесин мектеп автобусунан жанталашып барып тосуп алган видеосун алты күндүн ичинде 170 миң колдонуучу көргөнүн РИА Новости жазып чыкты.

Анда көрүнүп тургандай, Бака жанталашып мектеп автобусун көздөй чуркап барат. Кожойкеси аны кучак жая тосуп алып кайра аны көтөрүп келген. Бул учурда короз кыздын колунда тынч отурганын байкоого болот.

Youtube каналынын колдонуучуларына үй канаттуусунун өзүн өзгөчө алып жүрүүсү абдан жаккан.

"Ал чуркап баратканда анын быйтыйган буттарын карасаңар", — деп жазган ineedmyhat аттуу колдонуучу.

"Сураныч, аны жана анын балдарын жебегиле", — деп жазган дагы бир колдонуучу.

"Бака короздун жасап жаткандарын байкап отурган сонун. Мен аны абдан жакшы көрөм", — lynz45 деген колдонуучулардын бири.

Үй канаттуусунун кожоюндары ага бир гана Youtube-каналы эмес Инстаграм жана Фейсбук тармактарында да өзүнчө баракча ачып коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0