АКШ: 13 баласын чынжырга байлап койгон ата-эне кармалды

© AFP / SEBASTIAN CASTAÑEDAАкция протеста против абортов в Лиме
Акция протеста против абортов в Лиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя тууралуу полицияга жубайлардын 10 жашар кызы кабарлаган

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатынын Риверсайд округунун полициясы 2 жаштан 29 жашка чейинки 13 баласын камап салган жуптарды кармады. Балдарынын айрымдарын чынжырга байлап койгон. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аймактын шерифине таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, 14-январда эртең менен жубайлардын 10 жаштагы кызы качып чыгып, куткаруу кызматына чалып, анын ата-энеси 12 бир тууганын чынжырга байлап кармап жатканын айткан.

Полиция 57 жаштагы Дэвид Аллен Турпин менен 49 жаштагы Луиза Анна Турпинди өз үйүнөн кармап, караңгы жана жаман жыттанган бөлмөдө керебетке байланган балдарды тапкан.

"Ата-энелер эмне үчүн балдарын мындай шартта кармап келгенин логикалык жактан түшүндүрө алышкан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Табылган балдардын жетөө 18 жаштан 29 жашка чейинкилер экени аныкталган. Алар көптөн бери тамак ичпегендиктен абалдары начар болгон.

Балдарына мындай мамиле кылган жуп полиция тарабынан кармалып, балдар болсо сурактын кийин ооруканага кароого жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0