Сауд Аравиясында 35 жылдан бери биринчи жолу кинотеатр иштеди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОткрытие кинотеатра под открытым небом в музее современного искусства "Гараж"
Открытие кинотеатра под открытым небом в музее современного искусства Гараж - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө бийлиги убактылуу кинотеатрларды куруу үчүн жабдуу бөлүп берген

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Сауд Аравиясында 35 жылдан бери биринчи жолу чоң экрандан кино көрсөтүлүп, элдин назарына 2017-жылы тартылган "Эмоджи фильм" анимациялык тасмасы сунушталды. Бул тууралуу Newsweek журналы билдирди.

Ага ылайык, убактылуу салынган кинотеатрга келгендер попкорн дагы сатып алууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Индийская модель и актриса Наргис Факхри - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 4 млн. долларга тасма тартылды. Фильм эмне жөнүндө
Khaleej Times басылмасы буга чейин маалымдагандай, өлкө бийлиги убактылуу кинотеатрларды куруу боюнча жабдууларды бөлгөн.

Сауд Аравиясында 1980-жылдардын башынан тарта кинотеатрларга тыюу салынган. Өлкөнүн тургундары чоң экрандан кино көрүү үчүн коңшу Бахрейнге барып турушчу. Бирок жакында эле аудиовизуалдык медиа боюнча башкы комиссиясы кинотеатрларга лицензия бере баштаган. Туруктуу кинотеатрлар 2018-жылдын март айынан тарта иштеп баштайт.

2030-жылга чейин Сауд Аравиясынын бардык аймагында 300дөн ашык кинотеатр ачуу каралган. Бул жайларда элдин моралдык баалуулуктарын бузбай турган гана кинолор көрсөтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0