Чүчкүрүп жаткан адам. Архив

Улуу Британияда чүчкүрүүдөн баш тарткан адам кекиртегин айрып алды

296
(жаңыланган 19:39 17.01.2018)
Оорулуу бейтапканага тамагы ооруп, сүйлөй албай жатканын айтып кайрылган

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Улуу Британиянын жараны чүчкүрбөгөнгө аракет кылып жатып, кекиртегин айрып алгандыгын BMJ Case Reports журналына шитеме берип, РИА Новости агенттиги жазды.

Оорулуу бейтапканага тамагы ооруп, сүйлөй албай жатканын айтып кайрылган.

"Дарыгерлер анын кекиртегин баскылап көргөндө кырсылдаган үн угулган. Томографиялык текшерүү кызыл өңгөч менен кекиртектин ортосу айрылып кеткенин көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Көрсө оорулуу чүчкүрүгүн ичине кармайм деп аракет кылып жатып, тамагын кокустатып алган экен. Бир нече күн бою тамакты түтүк аркылуу ичип жаткан кишинин абалы жакшырып калганы айтылды.

Дал ушундай окуя былтыр АКШда болгон. One Direction тобунун фанаты сүйүктүү ырчыларынын концертинде алар менен жарыша ырдайм деп аракет кылып, өпкө былжыры менен чел кабыктын ортосуна аба киргизип алган.

296
Белгилер:
жабыркоочулар, ден соолук, Улуу Британия
Тема боюнча
Жылаңач аял добуш берип жаткан Чехиянын президентине атырыла чуркады
Окумуштуулар: майлуу тамак жесе да кишини семиртпей турган азык табылды