Таиланддык аял балдарга телефонду бербей коюунун жолун тапты

Жазылуу
Видеодон балдар телефонго тийгенден коркуп жатканын көрүүгө болот

Таиланддын тургуну балдардын телефонго болгон көз карандылыгын кантип калтыруунун жолун тапты. Ал балдарынын аракетин видеого тартып YouTube каналына жарыялаган.

"Балдарым телефонду колдон түшүрүшчү эмес. Мен экрандагы сүрөттү өзгөрттүп койдум. Эми алар телефондон ойномок тургай, ага тийгенден дагы коркуп калды", — деп жазган.

Видеодо көрүнгөндөй аял телефонду балдарына сунуп, ойноону сунуштайт, бирок балдары телефонго тийгенден коркуп жатканын көрүүгө болот.

Айрым интернет колдонуучулар бул ыкма балдардын телефонго болгон көз карандылыгын жоюнун сонун ыкмасы экенин айтышса, айрымдары аябай эле орой ыкма деген пикирлерин жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0