Галустян Рамзан Кадыровду туурап сүйлөп, Хабиб Нурмагомедовго кайрылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык артист жана куудул Михаил Галустян. Архив
Россиялык артист жана куудул Михаил Галустян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Галустян КВНде Чеченстандын президентин да туурап жүргөн

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиялык артист жана куудул Михаил Галустян Хабиб Нурмагомедовго Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровдун үнү менен "жолуң менен бара бер" деп тилегин айтты. Бул туурасында Sputnik Армения билдирди.

Артист кайрылуусун Instagram баракчасына жарыялады.

"Хабиб, сен эми азаматсың да. Айтып коёюн, сен жакшы жигитсиң, жакшы балбансың. Бирок эскертип кое турган нерсе — менин жолумдан чыкпа, күрөшөм деп убара болбо, иничек", — деген Галустян Чечен башчысы Рамзан Кадыровду туурап.

Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты
2016-жылдын 27-ноябрында КВНдин 55 жылдыгын майрамдап жаткан учурда Галустян Кадыровго пародия кылып, Чечен башчысы артисттин туураганына ичи чыккан. Ал номерди залда отургандар эле эмес, миллиондогон телекөрүүчүлөр жактырган.

Хабиб Нурмагомедов 23-24-январда Бишкекте болду. 24-январяда күйөрмандары менен жолуккан. Спортчу бир нече миңдеген кишилердин келгенине абдан таңгалганын жашырган эмес.

UFC жылдызы Нурмагомедовду Бишкекте кантип тосуп алганын Sputnik даярдаган видеодон көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0