АКШда кырсыктаган унаадан акча чачылды. Видео

© REUTERS / Dado RuvicКурс доллара в Кыргызстане
Курс доллара в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чачылган акчаны чогултууга бир сааттай кетип, канча акча жыйналганы так айтылган эмес

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Американын Иллинойс штатында оюн автоматтары үчүн акча алып бараткан машина жол кырсыгына кабылып, жолго беш, он жана жыйырма номиналындагы долларлар чачылган. Андыктан жолду жабууга туура келгенин UPI басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, акча ташып бараткан автоунаа катуу ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай экинчи машина менен кагышкан. Үчүнчү автоунаа аларды айланып өтөм деп жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон. Эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

Чачылган акчаны чогултууга бир сааттай кетип, канча акча жыйналганы так айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0