Окумуштуулар тил табышуунун универсалдуу жолун табышты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСлёт студенческих отрядов в Омской области
Слёт студенческих отрядов в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим адамдары 60 мамлекеттин 750 өкүлүнө 86 улуттук коомдун музыкаларын уктуруп, ал сүйүү, кубаныч же кайгылуу экенин аныктоону сунушташкан

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Гарвард университетинин окумуштуулар тобу музыка түрдүү эл жана маданият өкүлдөрү менен тил табышууда универсалдуу курал болуп саналарын аныкташты. Алардын эмгеги Current Biology журналына жарыяланган.

Окумуштуулар 60 мамлекеттин 750 өкүлүнө 86 улуттук коомдун музыкаларын уктуруп, ал сүйүү, кубаныч же кайгылуу экенин аныктоону сунушташкан. Экспериментке катышкандардын көбү башка элдин салт-санаасын, маданиятын билбей туруп эле музыка эмне тууралуу экенин оңой эле аныкташкан. Мисалы, бешик ырын, сүйүү жана өкүнүч музыкаларын жазбай табышкан.

​Жыйынтыгында окумуштуулар максат кылган жыйынтыгына жетишип, дагы бир жолу эксперимент жүргүзүп, катышуучуларга ырды канча киши аткарганын, аял-эркекти айырмалоону сунушташкан. Катышуучулар бул тапшырманы да оңой аткарышкан.

"Биз иликтеп жаткан бий же атайын ритуалдык музыкалардын жалпыга түшүнүктүү бир нерсеси бар. Алардын аткаруу ыкмалары бардыгына түшүнүктүү", — деген пикирин психолог Сэмюэль Мер билдирди.

Окумуштуулар кийинки экспериментти заманбап турмуштан алыс жашаган Боливиянын Амазония аймагындагыларга жүргүзүүнү пландап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0