Египетте ааламдагы эң узун киши менен эң кыска аял жолугушту

© AFP / STRINGER Гиннестин рекорддор китебине кирген эки адам Египеттин туризм боюнча кеңешинин чакыруусу менен пирамидалардын жанында кезикти
Гиннестин рекорддор китебине кирген эки адам Египеттин туризм боюнча кеңешинин чакыруусу менен пирамидалардын жанында кезикти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эргежээл жана алп адамдар чогуу сүрөткө түшүп, Египеттеги белгилүү жерлерге барышкан

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Гиннестин рекорддор китебине кирген эки адам Египеттин туризм боюнча кеңешинин чакыруусу менен пирамидалардын жанында кезикти. Бул туурасында РИА Новости Metro гезитине шилтеме кылып маалымдады.

Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом - Sputnik Кыргызстан
Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом
Түркиялык 35 жаштагы фермер Султан Кесен дүйнөдөгү эң узун киши деп эсептелет. Анын бою 251 сантиметер. Компания бул алп кишиге жолуктуруш үчүн ага карама-каршы келген, дүйнөдөгү эң кичинекей аялды — бою 62 сантиметр болгон Жоти Амджини алып келишкен. Гиннестин рекордчулары Египеттин белгилүү жайларында, пирамидалар өрөөнүндө болуп, ар кыл сүрөттөргө түшкөн.

Кесендин мындай узун бойлуу болушун анын оорусу менен байланыштырып келишет. Ал эми 24 жаштагы Жоти Амджи тукум куучулук илдеттен улам эргежээл болуп калган. Ал кыз бир нече реалити-шоуларга катышып, "Америкадагы коркунучтуу окуялардын тарыхы" деп аталган сериалга катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0