ЖМК: Сауд Аравияда аялдардын ресторанда иштөөсүнө уруксат берилди

© AP Photo / Hassan AmmarЭр-Рияд шаары. Архив
Эр-Рияд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи этапта кыз-келиндерди өлкөнүн 16 ресторанында иштетип байкап көрүшөт

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Сауд Аравия өлкөсүндөгү аялдар жакын арада кафе-ресторандарда иштей башташат. Бул тууралуу РИА Новости Khaleej Times басылмасына таянып кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, биринчи этапта кыз-келиндерди сыноо иретинде өлкөнүн 16 ресторанында иштетип көрүшөт.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстанда кыз-келиндерге машина айдоого тыюу салынды
Ошондой эле ресторандардын кожоюндары менен атайын кеңеш түзүлүп, ал аялдарды жумушка орноштуруу стратегиясын талкуулайт.

Учурда кыз-келиндер арасындагы жумушсуздук 33 пайызды түзсө, өлкө боюнча жалпы жумушсуздук 12 пайыздык көрсөткүчтө.

Буга чейин Сауд Аравияда аялдар жумушка айрым бир талаптар менен өтө аз санда гана кабыл алынчу. Өндүрүш тармагында кыз-келиндердин санын көбөйтүү аталган өлкөнүн "Vision 2030" экономикалык реформасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул стратегияга ылайык, 2030-жылга чейин эмгек рыногунда кыз-келиндердин санын 30 пайызга көбөйтүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0