Иш ордунда кантип арыктаса болот? Окумуштуулар ой калчады

© AFP / VANDERLEI ALMEIDAПроблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро
Проблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар туруп иштөө адамды бир гана ашыкча майдан арылтпастан, жүрөк, инсульт, диабет ооруларынын да алдын аларын кошумчалаган.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Американын окумуштуулары кеңседе отуруп иштөөдөн баш тартуу жылына үч килограмм салмак таштоого жардам берерин айтышкан. Бул тууралуу РИА Новости European Journal of Preventive Cardiology сайтына таянып кабарлады.

Иликтөө кеңседе отуруп иштегендер иш үстүндө арыктоо үчүн тамакты азайтпай эле алты саат бутка туруп иштесе жетиштүү болорун көрсөткөн.

Секс-шоп в Японии - Sputnik Кыргызстан
Аялдарды төшөк мамилесин ойлонууга эмне жетелейт? Окумуштуулардын иликтөөсү
Адистердин маалыматында отуруп жана туруп иштөөдө энергияны сарптоонун орточо айырмасы мүнөтүнө 0,15 калорийди түзгөн. Мындай жол менен күнүнө ашыкча 54 калорийди кетирсе болот. Арыктоонун мындай ыкмасы айрыкча сөөк-саактуу эркектерге тиешелүү экен.

Окумуштуулар туруп иштөө адамды бир гана ашыкча майдан арылтпастан, жүрөк, инсульт, диабет ооруларынын да алдын аларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0