АКШда аз жерден итке жөлөк пул чегерип кое жаздашты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийин бул окуя жөлөк пул алуу үчүн алдамчылар адатта жөнөтүп жүргөн ыкмалардын бири экендиги аныкталган

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШда Райдер аттуу итке мамлекет аз жерден жумушсуздук боюнча жөлөк пул чегерип кое жаздады. Бул туурасында РИА Новости Detroit Free Press басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Кормление новорожденного ребенка - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү пул берүүнүн жолу жеңилдетилүүдө
Мичиган штатынын жашоочусу Майкл Хэддоктун үйүнө арызы канааттандырылып, Райдерге жөлөк пул чегерилет деген маанидеги кат келген. Таңгалган кожоюн Райдер анын ити экендигин жазган. Маалыматта Райдер соңку ирет ресторанда иштеген экен, эми ага 360 доллар бөлүнөт деп жазган пособие берген тарап.

Мындай окуядан улам күлкүсүн тыя албаган Хэддок ит ал акчаларын эми эмне кылат болду экен деп суроо узаткан.

Камсыздандыруу агенттигинен жумушсуздук боюнча жөнөтүлгөн катты тастыкташып, жагдайды акча которулганга чейин таап териштирип чыгышкан.

Кийин бул окуя жөлөк пул алуу үчүн алдамчылар жөнөтүп жүргөн ыкмалардын бири экендиги аныкталган. Кылмышкерлер адатта жарандардын маалыматтарын (аты-жөнү, дареги, камсыздандыруу номери) билип алып, анан ушундай жолго барган учурлар кездешкен. Кылмышкерлер Райдерди киши экен ден ойлоп алышкан деп боолголонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0