Улуу Британияда беш буттуу козу туулду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКозулар. Архив
Козулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Козунун алдыңкы үч буту тең иштейт. Малдын ээси ал кадимки козулардай эле ары бери секирип, ашыкча буту жолтоо болбой турганын айткан.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Улуу Британияда беш буттуу козу туулганын The Northern Echo басылмасы билдирди.

Жети буттуу козу Базар-Коргондо кыштоодо туулду
​Адаттан тыш жаныбар өлкөнүн түндүгүндөгү фермалардын биринде туулган. Анын ээси бул козунун жашап кетерине көзү жетпей ага Hope ("Үмүт") деген ат коюп койгон.

Козунун алдыңкы үч буту тең иштейт. Малдын ээси ал кадимки козулардай эле ары-бери секирип, ашыкча буту жолтоо болбой турганын айткан.

Басылманын белгилешинче мал башында союу үчүн багылып жаткан, бирок эки жумадан кийин ээси союудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0