Германияда 18 жаштагы кызды кайнак сууга ыргытып тамашалагандар изделүүдө

© AFP / EMMANUEL DUNANDВыставка в Американском музее естественной истории в Нью-Йорке
Выставка в Американском музее естественной истории в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя ишемби күнү Эппинген шаарынын Баден-Вюртемберг аймагында карнавал учурунда болгон

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Германия полициясы "Фастнахт" деп аталган салттык майрамында 18 жаштагы кызды казандагы кайнак сууга ыргытып жиберген эки кишини издеп жатат. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Каз. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда атылган каз жөн өлбөй аңчынын тишин сындырып, бетин айрып кетти
Аталган карнавал ишемби күнү Эппинген шаарынын Баден-Вюртемберг аймагында өткөн. Майрамдын катышуучусу катары мастан болуп кийинип келген эки адам казанда кайнап жаткан суунун жанында турушкан. Бир нече адам тамашага салып 18 жаштагы кызды казандын жанына алып барышкан.

Андан соң "мастандардын" бири кызды көтөрүп, бирок көпкө кармап тура албай кайнап жаткан сууга түшүрүп жиберген. Тизесине чейин сууга малынып, күйүк алган кыз ооруканага жеткирилген. Эми ал бери дегенде бир жума жатышы мүмкүн.

Эки "мастан" тең окуя болгон жерден качып кетип, полиция издөөгө алды. Айыпкерлер этиятсыздык менен адамдын ден соолугуна зыян келтирүү жана жардам бербей кетип калганы үчүн жазага тартылат.

Ал эми Жалал-Абадда дагы кылмышка шектүү киши милициянын шалаакылыгынан кайнак сууга күйүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0