Таиланддык киши миллион фунт утуп алган лотерея билетин таппай жанын кыйып салды

CC BY 2.0 / Mark Turnauckas / A Penny Not SavedРозыгрыш лотерейного билета
Розыгрыш лотерейного билета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Понгфан ырымдап жети билет сатып алган

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Таиланддын тургуну Джиравут Понгфан лотереядан дээрлик миллион фунт утуп алган билетин жоготуп жибергенин Mirror басылмасы жазып чыкты.

Ал утушун үй-бүлөсү жана достору менен майрамдоо үчүн конокко чакырып, меймандары узагандан кийин билетин таппай калган. Ырымдап жети билет сатып алган Понгфан лотереядан 950 фунт уткан.

"Билеттерди таппай калгандан кийин ал депрессияга түшүп, ишке дагы барбай калган. 31-январда өз өмүрүнө кол салган", — деп айтылат маалыматта.

Азырынча билеттердин кайда кеткени табышмак. Лотерея өткөргөн компанияга утуштарды алуу үчүн эч ким кайрыла элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0