Түштүк Корея президенти Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ындын карындашы менен жолукту

© REUTERS / STRINGERПрезидент Южной Кореи Мун Чжэ Ин
Президент Южной Кореи Мун Чжэ Ин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын өкүлдөрүнүн президенттик сарайда кабыл алган. Делегациянын сапары ушул жекшемби күнү карыйт.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон менен жолукту. Бул тууралуу Ренхап маалымат агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын спортчулары Пхенчхан шаарындагы кышкы Олимпиадага катышуу үчүн учуп келишкен. Алардын катарында өлкөнүн расмийлери да бар.

Пхеньян шаары. Түндүк Корея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея бардык корей элине кайрылып, быйылкы жыл боюнча планын айтты
Ошондой эле тарыхта биринчи жолу Түндүк Корея лидеринин үй-бүлө мүчөлөрү Түштүк Кореяга келип жатат.

Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын өкүлдөрүнүн президенттик сарайда кабыл алган. Андан кийин алардын урматына уюштурулган кечки сый тамак берилген. Делегациянын сапары ушул жекшемби күнү карыйт.

Пхенчхандагы олимпиада оюндарына Түндүк Кореянын 22 спортчусу катышууда. Алар менен чогуу бир топ күйөрмандар жана "Самжиён" оркестри дагы келген. Артисттер 8-февралда Каннын шаарында өнөрүн  тартуулашты. Эми жекшемби күнү Сеулда Олимпиада оюндарына арнап концерт беришет.

Түштүк Кореядагы Олимпиада оюндары 9-февралда башталган жана 25-февралга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0