Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына 65 млн. доллар сарпталган

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЦеремония открытия XXIII зимних Олимпийских игр
Церемония открытия XXIII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиаданын ачылышы 9-февралда болуп өткөн

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына 70 миллиардга жакын вон (65 миллион доллардай) сарпталган. Бул тууралуу Р-Спорт https://rsport.ria.ru/winter2018_news/20180210/1132272310.html басылмасы оюндардын ачылыш жана жабылуу салтанатынын креативдүү аткаруучу директору Сон Сын Хванга таянуу менен билдирди.

Олимпиада оюндарынын ачылышы 9-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болду. Кыргызстандын желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыкты. Өлкө намысын тоо лыжачы Евгений Тимофеев экөө коргойт.

Церемония открытия XXII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан. Тизме
КР делегациясы алты кишиден — эки спортчу, эки машыктыруучу жана Улуттук олимпиада комитетинин эки өкүлүнөн турат. Кыргызстандыктар башына ак калпак жана кызыл күрмө кийип чыгышты.

9-февралда башталган оюндар 25-февралга чейин уланат.

Олимпиадага 95 мамлекеттен 2900 спортчу катышып, күч сынашат.

Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү күч сынаша турганынын расписаниеси.

Олимпиаданын ачылышында башына ак калпак кийип чыккан Кыргызстандын делегациясы көпчүлүктү таң калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0