БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Чоң ата, чоң энесинин колунда жашап, алардын зордук-зомбулугунан улам салмагы 17 килограммга түшүп кеткен япониялык кыз өз сүрөтүн Twitter тармагындагы баракчасына жарыялады. Бул тууралуу Metro порталына шилтеме берип, РИА Новости жазды.
Woman shares abuse she suffered at hands of her granddad who starved her https://t.co/jKnoQ3Cmjq
— Metro (@MetroUK) 9 февраля 2018 г.
Маалыматка караганда, туугандары кызга тамак бербей, бир нерсе жеп атканын көрсө эле ур-тепкиге алып жүрүшкөн.
"Жайынтыгында кыздын салмагы 16,8 килограммга түшүп кеткен. Ал ооруканага түшкөндө дарыгарлер бир аз болгондо жабырлануучу өлүп калмактыгын айтышкан", — деп жазылат макалада.
Кыз эмне себептен мындай тагдырга туш болгону жана туугандары кандай жаза тарткандыгы айтылган эмес.Макалада бул окуя бир нече жыл мурда болгону, азыр ал 20 жаштан ашып, салмагы кадыресе болуп калганы жазылган.
Качандыр бир кезде катаал күндөрдү башынан өткөргөн кыз өзүнүн постунда зомбулукка чыдап отура бербей, жардам сурап кайрылуу зарыл экенин белгилеген.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан үч медаль утууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев айтканын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 27-январда, мекеменин коллегиясы өтүп, ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жетекчилик кылган.
"Азыркы тапта олимпиадалык оюндарга чейин биздин спортчулардын лицензиялык мелдештерге катышуусу турат. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууга жетишүүнү максат кылганбыз. Олимпиада оюндарында үч медаль алуу ниетибиз бар. Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча 3 лицензиядан кем эмес жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетебиз деп пландаштырып жатабыз", — деген ал.
Кыргызстанда учурда Олимпиада оюндарына жалпысынан алты лицензия бар. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк спортчулар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия утуп алышкан.
Бүгүн Генштабдын маалымат кызматы бул ведомствонун кайра өзгөрүшү боюнча кабарды Sputnik агенттигине тастыктаган.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андагы пикирлерге таянсак, оюн калтыргандардын көбү бул идеяны колдогон.
Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Министрлик өкмөткө, штаб мамлекет жетекчисине баш ийерин белгилей кетели.
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы — аскердик башкаруунун борбордук органы. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрдү жетектеп, аларды даярдоо менен алектенет.Бул эки органдын аталышына жараша министр же начальник башкарса, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кандай гана өзгөрүү болбосун Баш мыйзам боюнча президент болот.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аскер тармагында жогоруда белгиленгендей, күтүлүп жаткан өзгөрүү боюнча эксперттердин пикирин укту.
Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын, бул жагдай Кыргызстанга аталган өлкөлөр менен кызматташууга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Мурдагы Советтер Союзунун Коргоо министрликтери аскердик-техникалык жактан өз ара кызматташат. Кыргызстандыкы Генералдык штаб деп аталганы үчүн иштешүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. Себеби айрым мамлекеттерде Генштаб Коргоо министрлигине баш ийип, өзгөчө кырдаалдарды жөнгө сала турган орган катары иш алып барат. Биздикилер ушул максатта, тагыраагы, карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн", — деди Алымкожоев.
Ал Генералдык штабды Кыргызстан өзү ойлоп таппаганын, армиясы чоң батыш өлкөлөр ушундай аталышты алып жүрөрүн белгиледи. Ошондой эле анын министрликтен артыкчылыктары дагы бар экенин айтат.
Алымкожоев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 5-10 жылдан кийин кайра Генералдык штабга кайтууну ойлонушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы Генералдык штабга өтөбүз деген демилге көтөрүлгөндө Коопсуздук кеңешине эксперт катары чакырылган экен. Ал ошондо эле кээ бир кесиптештери буга каршы чыкканын айтат.
"Генералдык штаб конституциялык орган эмес, начальниги өкмөттүн мүчөсү эмес. Чоң мамлекет эмеспиз, армиябыз эбегейсиз болбогондон кийин штабдын эмне кереги бар дегенбиз. Бийлик ондогон миллион сом каражатты кетирип түзүмдү бул органга өткөргөн. Алты жыл болду, эмне өзгөрдү? Эми кайра Коргоо министрлиги болот деп жатат. Ички жана эл аралык документтерди алмаштырууга кайрадан ондогон миллион каражат кетет, бул чоң убаракерчилик да", — деди Бейшенов.
Ал убагында Коргоо министрлигин жоюп, Куралдуу күчтөрдү Генштабга өткөргөндөр жоопко тартылышы керек деген оюн кошумчалады.
Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Коргоо министрлиги менен Генералдык штабдын ишинде көп деле айырмачылык жоктугун, кеп аларды ким жетектей турганында болуп жатканын айтты.
"Менимче, мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек. Коңшу мамлекеттердин ичинен бизде эле Генштаб болгондуктан алардын жанында толук кандуу орган боло албай жатабыз. Биздики АКШ менен Түркиянын Генералдык штабынын чала варианты болуп калган", — деди генерал-подполковник.
Чотбаев Коргоо министрлигин жоюуга запастагы генералдар башында эле каршы болгонун белгиледи.