Кырсыктаган Ан-148ди чакырып жаткан диспетчердин сүйлөгөнү интернетке чыкты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАн-148 учагы. Архив
Ан-148 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда диспетчер 703-каттамынын экипажына кайрылып, бирок жооп ала албай жаткандыгын угууга болот.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Абага көтөрүлгөндөн кийин эки мүнөттөн соң радардан жок болуп кеткен Ан-148ди чакырып жаткан диспетчердин сүйлөгөнү интернетке чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анда диспетчер 703-каттамдын экипажына кайрылып, бирок жооп ала албай жаткандыгын угууга болот.

"Саратов-703, Москва силерди байланышка чакырат", — деген аэропорттун кызматкерлеринин бири.

Ан-148 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Подмосковьеде Ан-148 учагы кулады. Учурда эмне болуп жатат
Эске салсак, кечээ, 11-февралда Бишкек убактысы менен саат 17.26да Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккан Москва — Орск каттамындагы Ан-148 көп өтпөй эки чакырым бийиктиктен Подмосковьеге кулаган. Учактын ичинде 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону маалымдалган. Алардын үчөө бала бар экени кабарланды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам байланыш кызматы аркылуу кулаган учактын ичинде КР жарандарынын жок экенин тактаган.

Бул кырсык боюнча Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козголду. Учак кулаган жерден адистердин айтымында, дурус эле абалда калган кара куту табылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын өлкө башчысы Владимир Путинге Москва облусундагы учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0