Өзбекстанда биринчи жолу операция жолу менен боор алмаштырылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүОперация в клинике урологии
Операция в клинике урологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боорунун жарымын берүүгө бейтаптын тууганы макулдугун берип, донор болгон

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Россиянын Шуманов атындагы транспантология жана жасалма орган илимий борборунун башкы транспантологу Сергей Готье Өзбекстанда боорду операция жолу менен алмаштырды. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай окуя Өзбекстандын тарыхында биринчи ирет болуп жатат.

"Боорунун жарымын берүүгө бейтаптын тууганы макулдугун берип, донор болгон. Операцияга аталган мамлекеттин хирургия илимий-медициналык борборунун жетекчиси Феруз Назиров, Сергей Готье, 21 дарыгер жана 10 медицина кызматкери катышкан", — деп жазылат маалыматта.

Эми донор менен бейтап үч жыл бою жашаган жериндеги үй-бүлөлүк медициналык мекеменин көзөмөлүндө болушат.

Жакында эле дүйнөдө биринчи жолу денеси күйүп калган адамдын териси алмаштырылып, операция жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0