РФте дарыгерлер рак болгон кишинин тилин кесип, колунун эти менен калыбына келтирди

© Sputnik / Табылды КадырбековОперационная лампа. Архивное фото
Операционная лампа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулуу Краснодар аймактык ооруканасына түшкөндө тилинин жарымын шишик басып, сүйлөй да, тамактана да албай калган

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Краснодарлык хирургдар тил рагына кабылган оорулуунун тилинин жарымын кесип, ордуна өзүнүн колунун булчуңдарынан тил жасап беришти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип, РИА Новости агенттиги жазды. 

48 жаштагы оорулуу Краснодар аймактык ооруканасына түшкөндө тилинин жарымын шишик басып, сүйлөй да, тамактана да албай калган.

"№1 оорукананын дарыгерлери чындыгында уникалдуу операция жасашты. Алар жабыркаган тилдин шишик баскан бөлүгүн кесип салып, ордуна колдун булчуңдарынан тигип тилди калыбына келтирип беришти. Операция сегиз саатка созулду", — деп айтылат маалыматта.

Операция в клинике урологии - Sputnik Кыргызстан
Кытайда хирургдар тарыхта биринчи жолу адамдын башын башка денеге которушту
Андан соң дарыгерлер оорулууну эки жума бою көзөмөлдөп, жабыштырылган эт организм менен жалгашып кетишине бардык шарттарды түзүшкөн.

Оорулуу бир нече күн мурун үйүнө чыгып, учурда жаңы тилин толук иштетүүү үчүн көбүрөөк сүйлөөгө аракет кылып жатат.

Ал ортодо өзбекстандык дарыгерлер биринчи жолу операция жолу менен боор алмаштырышты. Операцияга 21 дарыгер жана 10 медицина кызматкери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0