АКШ: мектептеги атышуу 17 кишинин өмүрүн алып кетти

© REUTERS / HANDOUTСтрельба в школе во Флориде
Стрельба в школе во Флориде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп имаратынын ичинен 12 киши каза тапса, үчөө көчөдөн, экөө ооруканадан жан берди

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектептеги атышуудан 17 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости аталган округдун шерифи Скотт Исраэлге шилтеме кылып кабарлады.

Автонаезд на четырех учителей в городе Кербен - Sputnik Кыргызстан
Аксыда мугалимдердин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы
Анын айтымында, мектеп имаратынын ичинен 12 киши каза тапса, үчөө көчөдөн, дагы экөө ооруканадан жан берген. Андан сырткары, 17 киши жаракат алган.

Окуяга күбө болгондор сабактын бүтөрүнө 10 мүнөттөй убакыт калганда өрт боюнча сигнал жаңырып, андан соң атышуу угулган. Флоридадагы мектепте ок аткан бала кылмыш болгон жерден качып, топтолгон элге аралашып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшүрүлгөн. 19 жаштагы Николас Круз тартиби жаман болгону үчүн мурда мектептен чыгарылганы аныкталды.

Кылмыш болгон жерден AR-15 мылтыгы жана бир канча ок табылган. Круздун мугалимдеринин бири ал мурдараак классташтарын коркуткандыктан, мектеп аймагына рюкзак менен кирүүгө тыюу салынгандыгын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0