Геологдор жүз миллион адамды жок кылышы мүмкүн деген жанар тоону тапты

© REUTERS / KYODOЖанар тоо. Архив
Жанар тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар эгерде бул атылса, Кытай, Түндүк жана Түштүк Американын жээктерине жеткен цунамини пайда кылат дешүүдө

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кобе университетинин окумуштуулары Япониянын жээктеринен 34 куб чакырымдык магманы камтыган ири эбегейсиз жанар тоону тапты. Эгерде ал атылса 100 миллион адамдын өмүрүн алып кетүү кооптуулугу айтылууда. Бул туурасында РИА Новости Scientific repots журналына шилтеме берип кабарлады.

Токойдойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адамзаттын жашоосу качан бүтөрүн айтышты
Илимпоздор мындан 7,3 миң жыл мурда атылып, Япониянын түштүгүндөгү цивилизацияны жок кылган жанар тоонун кратерин изилдеп чыккан. Анын ичинен магмасы бар, радиусу 10 чакырым, узундугу 600 метрлик купол табылган.

Деңиздин түбүн иликтеп чыккандан кийин адистер купол улам чоңоюп бара жаткандыгын байкашкан. Окумуштуулар эгерде бул атылса, Кытай, Түндүк жана Түштүк Американын жээгине жеткен цунамини пайда кылат дешүүдө.

Мындан сырткары, абага Япониянын бир катар аймактарында "вулкан кышын" жарата турган чаң чыгып, каптайт деген божомол айтылды.

Былтыр NASA изилдөө борборунун окумуштуулары ири жанар тоолор үчүнчү дүйнөлүк согуштан да кооптуу деген маалыматты айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0