Бетин жаап турган кыз, Архив

Былтыр 8 миңге чукул бала зомбулукка туш болгон. Кимге кайрылуу керек

85
(жаңыланган 11:21 18.02.2018)
Зомбулук көрүп жаткан бала тууралуу маалыматы бар адам күнү-түнү иштеген "111" номерине кайрылуусу зарыл

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, оор акыбалда калган 7981 бала табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Гүлмира Ахматова билдирди.

Анын айтымында, жардамга муктаж балдарды райондордогу үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыктарынын кызматкерлери жеркиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге табышкан.

"Кимдир-бирөөлөрдүн даттануусу менен, ошондой эле "Зомбулук көргөн үй-бүлө жана балага эрте жардам көрсөтүү" планы менен издөө иштеринин жыйынтыгында кордолгон 7981 табылган. Адистердин жардамы менен анын ичинен 4729 бала оор акыбалдан толугу менен чыгарылды", — деди Ахматова.

Адис белгилеп кеткендей, зомбулук көрүп жаткан бала тууралуу маалыматы бар адамдар күнү-түнү иштеген "111" номерине кайрылуусу зарыл. Бардык чалуулар купуя сакталат.

Кошумчалай кетсек, республика аймагында кордолгон үй-бүлө жана балдарга медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүү максатында 64 борбор иштеп жатат.

Негизи эле ата-эне жана жакын адамдары балдарга эмне себептен кол көтөрө турганын адистер айтып берген. Алардын пикиринде мындай мыкаачылык өзү кичине кезинде таяк жеп чоңойгон же жашоосу ойдогудай болбой калган адамдардын колунан келет.

85
Белгилер:
зомбулук, бала, Гүлмира Ахматова, Кыргызстан
Тема боюнча
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Мени өлтүргөн апама кат: жек көргөндү үйрөнө элекмин
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

73
(жаңыланган 00:06 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

73
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

103
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

103
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар