Каткырып күлүп фитнесте машыккан 93 жаштагы кемпир интернетти багындырууда

© Фото / Александр Викулов / Медиабанкка өтүүМашыгуу жасап жаткан кары адамдар. Архив
Машыгуу жасап жаткан кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул видеону көргөндөрдүн саны эки күндүн ичинде эле жети миллиондон ашып, 384 миң лайк коюлган

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Фитнес менен машыгып жаткан 93 жаштагы кемпирдин видеосу интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Видеодон байбиче отурган тейде машыктыруучу көрсөткөн кыймылдарды кыраан каткырыкка түшүп кайталап жатканын көрүүгө болот.

Роликти Twitter тармагына @joana_zanin10 деп катталган машыктыруучунун кызы жүктөгөн.

​"Менин апам 93 жаштагы байбичени машыктырат. Бул мага абдан жагымдуу маанай тартуулайт. Жылмаюсу жана күлкүсү аны уламдан улам жашартууда", — деп жазган ал.

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы 100 жаштан ашкан 10 байбиче. Тагдырлар, өксүк менен сүйүнүчтөр
Бул видеону көргөндөрдүн саны эки күндүн ичинде эле жети миллиондон ашып, 384 миң лайк коюлган. Соцтармактын колдонуучулары шатыра-шатман жана спортчу кемпирге суктануу менен карап, айрым жаштар да андай көнүгүүлөрдү жасай албай турганын моюндашууда.

Бул го фитнес экен, пенсильваниялык (АКШ) 94 жаштагы кемпир туулган күнүн парашют менен секирип белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0