ТИМ Иранда кулаган учакта КР жарандарынын бар-жогун тактады

© AFP / ATTA KENAREКрушение самолета в Иране
Крушение самолета в Иране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрү менен бараткан учак тоону сүзүп алган

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча учактын бортунда кыргызстандык жарандар болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Международный аэропорт Сочи в Адлере - Sputnik Кыргызстан
Иранда кулаган учак. Кырсыктын чоо-жайы
ТИМге мындай маалыматты Кыргызстандын Ирандагы элчилигинен билдиришкен.

Aseman Airlines авиакомпаниясынын ATR 72 учагы Тегерандан Ясудж шаарына учуп келе жаткан. Ал жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегизде учуп, 50 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Катаал аба ырайына байланыштуу учак Дена кырка тоосун сүзгөн.

Бортто 66 адам болгон. Алардын 60ы жүргүнчү, дагы бири ымыркай. Алтоо экипаждын мүчөлөрү. Бардыгы каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0