Алкоголдук ичимдик. Архив

Адам баласы ичимдиктен качан кутулат? Окумуштуулардын иликтөөсү

518
(жаңыланган 21:11 23.02.2018)
Адистердин пикиринде, эгер мутация ийгиликтүү ишке ашса, болжол менен бир миң жылдан кийин адам баласы ичимдиктен толугу менен баш тартат

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштуулары Кейси Элизабет Джонсон менен Бенжамин Войт эки миңден ашык адамды иликтеп көрүп, азыркы кишилердин организминде болуп жактан беш мутацияны таап чыгышты. Бул тууралуу Nature Ecology & Evolution басылмасына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Ар кандай ооруларга туруштук берүү, ДНКдагы өзгөрүүлөр сыяктуу жаңылануулардын арасында ADH тобуна кирген гендендин мутацияга учурашы бар.

"Бул мутация адамдын организминде спиртке каршы заттар иштелип чыгышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Теория боюнча карасак, ал заттар менен спирт келишпес душман. Ошондуктан адам ичимдик ичкенден кийин өзүн дароо начар сезип, кийин таптакыр бөтөлкөгө жакындагысы келбей калышы ыктымал", — деп түшүндүрүштү окумуштуулар.

Адистердин пикиринде, эгер мутация ийгиликтүү ишке ашса, болжол менен бир миң жылдан кийин адам баласы ичимдиктен толугу менен баш тартат.

518
Белгилер:
окумуштуулар, ичимдик, адам
Тема боюнча
Илимпоздор күнүнө бирден чылым чегүү кандай таасир этерин айтып беришти
Багдад шаары, Ирак. Архив

ТИМ Багдадда каза тапкан кыргызстандык аялдын өлүмүн териштирип жатат

4
Буга чейин журналисттерге аялдын тууганы кайрылып, сиңдиси бир нече күндөн бери жок экенин айткан. ТИМ анын каза тапканын тастыктады.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Иракта кыргызстандык аял көз жумуп, сөөгүн мекенге алып келүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин ЖМКлардын бирине аялдын тууганы кайрылып, сиңдиси бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын айткан. Анын айтымында, тууганы эки жума мурун өзү иштеген сулуулук салонунун жетекчиси менен уруша кеткен.

ТИМ кечээ, 26-октябрда, Ирак тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. Көз жумган С.М. аттуу аялдын сөөгү Багдаддагы өлүкканада экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине аялдын каза болгону тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү да келген. Анын өлүмүнүн себебин билүү үчүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгышы керек.

ТИМ учурда маркумдун күйөөсүнө виза алып берип, сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөктөшүүдө. Министрлик бул маселе көзөмөлүндө экенин белгиледи.

4
Белгилер:
Ирак, Багдад, Кыргызстан, ТИМ, аял, өлүм, териштирүү
Тема боюнча
Түркия: кыргызстандык келинди кайнатасы эмнеге өлтүргөнүн айтып берди
Екатеринбург аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив

Россия 2030-жылга чейин мигранттарды тартуу үчүн кандай аракет көрөрүн айтты

36
(жаңыланган 11:34 27.10.2021)
COVID-19 пандемиясы күч алып кетпесе, Россия алдыдагы он жылдын ичинде мигранттарды тартуу үчүн жакшы шарттарды түүзүп берерин билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү 2030-жылга чейин өлкөдө мигранттардын саны өсүп, улуттук программалардын туруктуу ишке ашышына шарт түзүлөт деп үмүт артууда. Маалымат РФтин Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Документте айтылгандай, Россия келечекте коомго бат аралашып кете турган чет элдик адистерди тартуу жолу менен мигранттардын санын жогорулатууну көздөп жатат.

"Ал үчүн Россия өзү кам көрөт. Мисалы, чет элдиктердин Россияда билим алышына шарттар түзүлөт. Социалдык-маданий жактан бат көнүп кетүү үчүн аракеттер көрүлөт. Ошондой эле жаш жана таланттуу кадрларды тартуу үчүн аларга ыңгайлуу шарттар каралат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мигранттар көп келчү өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашары кошумчаланды.

36
Белгилер:
Россия, миграция, аракет, план
Тема боюнча
Москвада мигранттар COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшыра алат. Шарты
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Элчилик: Россия Кыргызстанга вакцина алуу үчүн 1,2 млн. доллар бөлөт

0
(жаңыланган 12:13 27.10.2021)
Россия тараптан коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар каражат бөлүнөрү айтылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина сатып алып, жеткирип берүү үчүн 1,2 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

"Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар бөлүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Россиянын ӨКМи аркылуу берилет.

Эске салсак, Россия буга чейин да жардам иретинде Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын берген.

0
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, вакцина, гуманитардык жардам
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
ДССУ "Спутник V" вакцинасын жактыруу процедурасын жандантты