Аргентинада ит 11 жыл бою ээсинин күмбөзүн кайтарган

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүНемис овчаркасы. Архив
Немис овчаркасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун туугандары ит жоголуп кетти деп ойлоп жүрүшкөн

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Капитан аттуу немис овчаркасы 11 жыл бою ээсинин күмбөзүн кайтарып өткөргөнүн The Sun басылмасы билдирди.

Маркумдун туугандарынын айтымында, Мигель Гусман 2006-жылы каза болгон. Анын ити да ошол жылдары жоголуп кетти деп ойлошкон. Бирок бир канча айдан кийин итти маркумдун күмбөзүнөн табышкан.

​Ит күмбөздү кантип таап келгенин туугандары азыркыга чейин билишпейт.

Мүрзөнүн директору Гектор Баксеганын айтымында, ит башында аймакты жөн гана кыдырып жүрчү, кийин ээсинин күмбөзүн тапкандан кийин ошол жерден чыкпай калган.

"Күнүнө бир нече саатка ары-бери сейилдеп келет. Бирок сөзсүз түрдө күмбөзгө кайтат", — деди Баксега.

Ит буга чейин да бир катар ЖМКларга чыгып, жергиликтүү жылдызга айланган. Бирок төрт жыл мурда ветеринар ит бөйрөк кемтигинен жабыркай турганын аныктап, көпкө жашабайт деген жыйынтык чыгарган.

Ага карабастан Капитан бир нече жыл жашаган. Анын качан өлгөнү азырынча белгисиз, бирок The Sun басылмасынын жазышынча, учурда аны кайсы жакка көмүү маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0