Окумуштуулар кайсы беш дары инсультка алып келээрин аныкташты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөө маалында ибупрофен ичкен 330 адамдын бирөөсү төрт жума ичинде жүрөгү кармаган же инсульт болгон

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Тайвандык окумуштуулар кеңири колдонулган беш дарынын коркунучун аныктады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги British Journal of Clinical Pharmacology журналына шилтеме берип жазып чыкты.

Илимий изилдөө жүргүзгөн адистер ибупрофен, диклофенак, целекоксиб, мефенамдык кислота жана напроксен дарылары жүрөк ооруларына жана инсультка алып келе тургандыгын аныкташкан.

УЗИ жасап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер кош бойлуу кезде УЗИге түшүүнүн зыянын айтып беришти
Окумуштуулар кан басымы жогору болгон 56 миң бейтаптын медициналык маалыматтарын колдонгон. Изилдөө маалында ибупрофен ичкен 330 адамдын ичинен бирөөсүнүн төрт жума ичинде жүрөгү кармаган же инсульт алган. Ал эми целекоксиб андан дагы коопту болуп, 105 оорулуудан бирөө кыйын абалга кептелген.

Андан сырткары, диклофенак (245 адам) менен напроксен (214 адам) пайдалангандардын бирөөсүнүн жүрөк оорусу козголгон же инсульт алгандыгы аныкталган. Башка дарыларга салыштырмалуу мефенаминдик кислотасы кичине коопсуз болуп, 394 бейтаптын бирөөсү гана жүрөк оорусуна кабылган.

Буга чейин окумуштуулар парацетамолдун негизинде жасалган дарыларды ичкен адамдардын жыныстык гормондору азайып кетээрин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0