Лимон кошулган чай. Архивдик сүрөт

Лимон кошулган чай жана шире адамга зыянбы? Окумуштуулардын пикири

1148
(жаңыланган 10:45 27.02.2018)
Илимпоздор жемиш ширелери тиштин эмалына терс таасирин тийгизет деп түшүндүрүшкөн

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Лимон кошулган чай жана жемиш ширелери адамга зыян. Лондондогу окумуштуулардын мындай иликтөөсүн Sputnik Өзбекстан агенттиги "Известия" басылмасына таянып кабарлады.

Илимпоздор жемиш ширелери тиштин эмалына терс таасир тийгизет деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле диета ширелери, шекер көп кошулган суусундуктар жана лимон кошулган чай да тишке зыян экени маалым болгон.

"Эгер сиз түшкү тамактан кийин алма жесеңиз, кечинде кычкыл эч нерсе жебей эле коюңуз. Эгер кечинде шарап ичсеңиз, эртең менен жемиш кошулган чай ичпей эле койгонуңуз дурус болот", — деп айткан окумуштуулар.

Алардын баамында, тиштин эмалына зыян келтирип албаш үчүн адам тамактанууда суусундуктарды жана жемиштерди туура колдонушу керек.

Окумуштуулар буга чейин үй тазалоочу каражаттардын да адамга зыян экенин айтышкан.

1148
Белгилер:
окумуштуулар, чай, шире, шарап
Тема боюнча
Адам баласы ичимдиктен качан кутулат? Окумуштуулардын иликтөөсү
Окумуштуулар рактын күчөшү менен чөнтөк телефондун байланышын айтып беришти
Шекерсиз чай иче албайм! Окумуштуулар канттын адам биле элек зыянын аныкташты
Өтө таза аба эмнеси менен кооптуу экенин окумуштуулар түшүндүрүп беришти
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

65
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

65
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот
Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо системасынын демонстрациясы

Мамдума шайлоосуна 7,5 миң адам видеокөзөмөл аркылуу байкоо салууда

25
(жаңыланган 18:33 18.09.2021)
Быйыл шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен бирге аймактык жана муниципалдык да шайлоо өтүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо салып жаткан парламенттик партиялардын биринен да эч кандай доомат түшкөн жок. Бул тууралуу РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

"Ушу тапта видеокөзөмөл порталында 7,5 миң адам отурганын жазып жатышат. Алар бир эле убакта 30 миң шайлоо участкасына көз салууда. Эч биринен эч кандай доомат жок. Парламенттик партиялар биз камсыздап берген техникалык жабдууга нааразылык жок экенин айтышты", — деди Булаев.

Ал коомдук көзөмөл борборлорунда жумушчу орун жетиштүү экенин белгилеп, каалоочуларды чакыра кетти.

Шайлоо быйыл 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен биргеликте регионалдык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

25
Белгилер:
шайлоо, Россия, Мамлекеттик Дума, көзөмөл, БШК
Тема боюнча
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды