Окумуштуулар депрессия менен күрөшүүнүн жөнөкөй жолун табышты

Жазылуу
Байкоолордон кийин жашылча-жемиш жана майы алынган азыктар менен тамактангандарда депрессиянын белгилери аз болгон

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар депрессияны жеңүүнүн жөнөкөй жолун тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистер тамак-ашка жашылча-жемиштерди кошуп жегенде жана дан азыктары менен тамактанганда психикалык жактан жабыркоо тобокелдиги азаярын аныкташты.

Проблема анорексии в Франции - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар депрессия менен аракечтиктин психологиялык себебин аташты
Алар алты жыл бою улгайгандарды эксперименттен өткөргөндөн соң жогорудагыдай жыйынтыкка келишкен.

Сыноого катышкандар негизи мүнөздөп тамак берүү боюнча үч топко бөлүнгөн. Алар гипертонияны азайтууга жасалган диеталык ыкма, орто деңиз жана батыштын салттуу диеталары деп аталган.

Байкоолордон кийин жашылча-жемиш жана майы жок азыктар менен тамактангандарда депрессиянын белгилери аз болгон. Көңүлү чөгүп, психикасы жабыркагандар этти көп жегендер экени аныкталган (буга бирок тооктун этин кошууга болбойт).

Окумуштуулар буга чейин жумасына бир саат дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу депрессиянын алдын алып, адамдарды оорудан арылтууга жардам берерин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0