Жубайы менен уулун жаанга калтырган Трампты соцтармак жемелөөдө

© AP Photo / Alex BrandonАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Флорида штатындагы Палм-Бич аэропортунда январь айынын ортосунда болгон

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Twitter тармагынын колдонуучулары уулу Бэррон менен жубайы Меланьяны жаанга таштап койгон АКШ президенти Дональд Трампты сынга алышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуя Флорида штатындагы Палм-Бич аэропортунда январь айынын ортосунда болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай, "биринчи бортко" көтөрүлүп бара жаткан президент кол чатыр менен бара жатат. Ал эми артындагы уулу менен жубайы нөшөрлөгөн жаанда кол чатырсыз калышкан.

​Социалдык тармактын колдонуучулары президентти өз үй-бүлөсүнө кам көрө албайт деп айыптап чыгышты.

"Ага өзүнүн чачы маанилүү. Чыныгы рыцардык сапат деп ушуну айт", — деп жазды британиялык актер Колин Макфарлэйн.

​Айрым колдонуучулар Трапм өзүн коомдо алып жүрүү жагынан мурдагы президент Барак Обамага тең келе албасын жазып, ал жубайы Мишелди жаандан коргоо үчүн коопсуздук кызматындагы адамдын колунан кол чатырды ала койгонун эске салышты.

Дагы башкалары Трампты жада калса кол чатырды туура кармай албайт деп нааразы болушту.

"Учакка кол чатырын жаппай туруп киргени жүрөт, жылмайгандан башка айла таппайсың", — деди Brass Neck 69 аттуу колдонуучу.

​Анткен менен айрым адамдар Америка президентин колдоп, Бэррон менен Меланья кол чатырдан өздөрү баш тартып коюшу мүмкүн деген ойлорун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0