АКШ: Афганистандагы миссиядан соң үйрөтүлгөн иттер кароосуз калды

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЧек арачылар. Архив
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армия бул жаныбарлардын кандай колго туш келип, кандай камкордукка алынганына кызыккан эмес.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. АКШ армиясы Афганистандагы операцияларда жардыруучу заттарды издетүү үчүн пайдаланган иттер азыр кароосуз калды. Бул туурасында РИА Новости АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып жазды. 

Аталган министрликтин башкы инспекторунун докладында жарылгыч заттарды табууга үйрөтүлгөн иттерди АКШ атайын программа менен 2010-жылдан тарта Афганистанда пайдалана баштагандыгы айтылган. 2014-жылы бул программа аягына чыгып, жөө аскерлер бөлүгү 150 жаныбарды камкордугуна албай калган.

"Армия жоокерлерди тандап, атайын бөлүктөргө бекитип, иттерди бекитип берген. Алар бул жаныбарларга утурумдук гана ээлик кылууга тийиш болчу", — деп айтылат докладда.

"Жумушсуз" калган жаныбарларды үй-бүлөлөргө жана уюмдарга беришкен, андан сырткар,ы дагы 100 ит узакка питомниктерде кала берди. Армия иттердин кандай колго туш келип, кандай камкордукка алынганына кызыккан эмес.

Дагы 13 ит ардагерлерге кызмат кылууга үйрөтүүнү ниет кылган жеке компаниянын карамагына өткөрүп берилген. Докладда ал ишкана деле иттерди жаныбарларды кармоочу жайга өткөрүп салганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0