Концерт учурунда жардыруу жасамакчы болгон өспүрүм өмүр бою соттолду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАйыпталуучу. Архив
Айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык өспүрүм Уэльс борбору Кардиффтеги концертте шойкомдуу окуя уюштурам деп бир нече ирет кат жазган

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Улуу британиялык 17 жаштагы Ллойд Гантон концерт учурунда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун атынан жардыруу уюштурам дегени үчүн өмүр бою соттолду. Бул туурасында РИА Новости Telegraph басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматта баланын ырчы Жастин Бибердин концерти учурунда террордук акты уюштурам деп жазгандыгы кабарланды.

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияда жанкечтинин атайын курсунан өткөн кыргызстандык кармалды
Өспүрүм Уэльстин борбору Кардиффтеги концертте шойкомдуу окуя уюштурам деп бир нече ирет кат жазган. Жиберген каттарынын биринде ал өзүн "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоокери деп атап, "Кардиффке чабуул коюшумдун себеби, силердин өкмөт Сирия менен Иракты бомбалап жатпайбы" деп жазган.

Полиция анын үйүн аңтара келгенде катып койгон мектеп рюкзагынан балка менен бычак тапкан. Аны эксперттер автоунаа менен топтолуп турган элге кирип баргандан кийин колдонууну пландаган деп айтышты.

Сотто бала эч кандай жаман иштерди жасоого ниеттенбегенин, болгону зордук көрсөткөн көрүнүштөргө кызыгып кеткенин айтып, күнөөсүн танган.

Басылма сот аны канчага отургузуу жана бошотуу тууралуу мөөнөттү так, ишенимдүү айта албастыгын, себеби бала канчадан кийин коомчулукка коркунуч жаратпай калары белгисиз экендигин айткан.

"Сиз бир эле эмес, бир нече кишини өлтүрүүгө ниеттенгенсиз… Мен сиз коомго качан кооптуулук жаратпай калган учуруңузду так жана ишенимдүү айта албай турам", — деген сот.

Маалыматта өмүр бою эркинен ажыратылган Гантон соттун бул чечимине макул болбосо, 11 жылдан кийин мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча арыздана ала тургандыгы айтылат.

Террорчулук боюнча сот жазаларына келсек, буга чейин Иракта террорчулук үчүн соттолгон 38 киши өлүм жазасына тартылганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0